12.11.2018 13:38

Бишкекте Ботаникалык бакта муунуп алган жигит ЖК экс-спикеринин небереси болуп чыкты

Бишкекте Ботаникалык бакта муунуп алган жигит ЖК экс-спикеринин небереси болуп чыкты

Бишкектин Ботаникалык багында рюкзагына асынып өлгөн жигит коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдун небереси болуп чыкты. Бул тууралуу Knews милиция кызматкерлерине таянып жазды.

Эске сала кетсек, 9-ноябрда болжол менен 7:30да Ботаникалык бактын аймагындагы Минин көчөсүндө 25-30 жаштагы белгисиз эркек кишинин денеси табылган. Рюкзагынын боосуна асынган абалда турган сөөктү ал жактан өтүп бараткан шаар тургундары жана ЖКККБ кызматкерлери алгачкылардан болуп көрүшкөн.  Жерине Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу жөнөтүлгөн. 

Жигиттин буюмдарын кароо маалында ага таандык рюкзактан оозу ачык «Кыргыз арагы», Apple ноутбугу жана башкалар табылган. Анын өздүгү такталып, 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну М.А. экени аныкталган. 

Соттук-медициналык экспертиза жигит өзү муунуп алганын көрсөткөн. Туугандарынан жана тааныштарынан көрсөтмө алынган. Ага караганда, маркум былтыр эле үйлөнгөн. 8-ноябрда туугандарыныкына конокко барып, ал жактан уруша кетип, такси менен кетип калган.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-ноябрда жигитти жерге беришкен.