06.02.2019 16:15

Бишкекте чет өлкөлүк жаранды тоногон 4 жергиликтүү жаран кармалды

Бишкекте чет өлкөлүк жаранды тоногон 4 жергиликтүү жаран кармалды

Бишкекте чет өлкөлүк жаранды тоногон 4 жергиликтүү жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББ маалымат кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, чет өлкөлүк жаран милицияга арыз менен кайрылып, Тыныстанов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен 4 бейтааныш адам тапанча менен коркутуп, 13 миң сомун жана чөнтөк телефонун алып кеткенин кабарлаган. 

«КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Кылмыштын изи сууй электе, милиция кызматкерлери карактоого шектүү 4 жигитти кармады. Алардын үчөө -18 жашта, аларды ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Төртүнчүсү 17 жашта болгондуктан, ал үй камагына алынды», — дешти мекемеден. 

Милициянын билдиришинче, бул алардын чет өлкө жарандарына биринчи жолку кол салуусу эмес. 18-январда аталган жигиттер акча алмаштырып чыгып бараткан кишини тоноп, анын 2,5 миң долларын жана 2,5 миң сомун алып кетишкен.