27.06.2018 18:13

Бишкекте чөнтөк телефонду уурдоого шектелип жаш кыздар кармалды

Бишкекте чөнтөк телефонду уурдоого шектелип жаш кыздар кармалды

Чөнтөк телефонду уурдоого шектелип, жаш кыздар кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.  

Шаардык милицияга жабырлануучудан арыз келип түшкөн.  Анда  21-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамасында шаардын көчөлөрүнүн  биринде,   “А”. “ А”. “З”. аттуу  жарандар  «Самсунг Галакси J5»  маркасындагы уюлдук телефонун чалып алалы деп, алдоо жолу менен алышып, из жашырып кетишкени айтылат.

Аталган факт Биринчи май РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук ИИБнын кызматкерлеринин  ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында 1999-жылкы Б.А, Р.к.А  жана 2011-жылкы К.З кылмышка шектүү жарандар колго түшүрүлгөн.

Б.А жана Р.к.А  үй камагына алуу чечими чыгарылып, К.З  жеке кепилдиктин астында бошотулду. Тергөө иштери жүрүп жатат.