28.05.2019 10:45

Бишкекте эки милиция кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте эки милиция кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте эки милиция кызматкери пара менен кармалды. Бул туурасында ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, 21-май күнү ИИМге C.М. аттуу жаран кайрылып, Ички иштер органдарынын кызматкерлери андан акча талап кылып жатканын билдирген. Ошол эле күнү арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын учурунда 27-май күнү Биринчи Май РИИБ тилкелик милиция пунктунда Т.К. жана Ч.А. аттуу тилкелик милиция кызматкерлери 5 миң сом пара алып жатышкан жеринен кармалышты. Алар мурда арыздануучудан 30 миң сурашканы анык болду.

Кармалган тартип сакчылар УКМК Тергөө изоляторуна киргизилип, териштирүү башталды.