29.03.2019 10:33

Бишкекте эмерек цехинде чыккан өрттөн 1500 чарчы метр аянт күйдү

Бишкекте эмерек цехинде чыккан өрттөн 1500 чарчы метр аянт күйдү

Бишкекте эмерек цехинде чыккан өрттөн 1500 чарчы метр аянт күйдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 28-мартта Бишкектин чыгыш тарабындагы Матросов көчөсү 1А. дарегинде жайгашкан «Зебержед» эмерек цехинде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөргө кабар 18:55те түшкөн. Жерине алгач 2, кийин дагы 2 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында, тилсиз жоо толугу менен саат 23.25те өчүрүлдү. Учурда эмерек цехинин 1500 чарчы метр аянты жана  ичиндеги курулуш материалдар, эмеректер, электр жабдуулары күйгөнү аныкталды. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.