15.11.2019 15:11

Бишкекте эркек киши турак үйдүн 12-кабатынан кулап түшүп, каза тапты

Бишкекте эркек киши турак үйдүн 12-кабатынан кулап түшүп, каза тапты

Бишкекте эркек киши турак үйдүн 12-кабатынан кулап түшүп, каза тапты. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.  

Кырсык кечээ, 14-ноябрь күнү Логвиненко көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. 

«Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө саат 22:00 чамасында билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.  Алдын ала маалыматка ылайык, кулап кеткен жаран 20 жашта болгон.  Жерине келген «Тез жардам» кызматы жабырлануучунун каза болуп калганын аныктады», -деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Маркумдун кыргызстандык экени, аны менен катар Улуу Британиянын жараны паспорту бар экени тууралуу айтылууда.