05.09.2019 09:11

Бишкекте ири суммадагы акчаны уурдоого шектелип, 28 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте ири суммадагы акчаны уурдоого шектелип, 28 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте ири суммадагы акчаны уурдоого шектелип, 28 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында калаа милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Свердлов райондук ИИБине калаа тургуну А.Ж. арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 13:00 чамаларында Дордой базарынан сумкасындагы 358 миң рубль акчасын алдырып жибергенин билдирген.  

Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, «Уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Шаардык милициянын 7-бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери болжолдуу кылмышкердин изине түшүп, 28 жаштагы М.Д. аттуу кыз кармалды. Шектүү Бишкек ШИИБ Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда анын калаада жасалган башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу такталып жатат. Эгерде бул кыздын кылмыштуу иштеринен жапа чеккендер болсо төмөнкү номерлерге чалса болот: 

0550 102 872, 0554 001 200 жана 102.