21.05.2020 13:52

Бишкекте калкты тейлөө борборлорунда чоң кезек жаралды (сүрөт,видео)

Бишкекте калкты тейлөө борборлорунда чоң кезек жаралды (сүрөт,видео)

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн буйругуна ылайык, калкты тейлөө борборлорунун ишине расмий түрдө уруксат берилген. Эртең менентен тартып, «Апрелдин» редакциясына жарандардан калкты тейлөө борборлорундагы чоң кезек күтүү боюнча даттануулар келип жатат.  

Алардын айтымында, 100 ашык адам кезек күтүп турушат.

Санитардык эрежелерди эч ким сактаган жок, аралыкты сактабай жатышат жана көбүндө медициналык бет кап жок.

 «Апрелдин» кабарчысы да маалыматты жеринен тастыктады. Жаш Гвардия бульварында жайгашкан калкты тейлөө борборунда 100гө чукул адам чогулган.

Ал эми Чопон-Ата көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борунда («АЮ Гранд») 300дөй адам чогулганын социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп жатышат.