17.10.2019 17:00

Бишкекте Канат Сагымбаевди колдогон тынч митинг өтөт

Бишкекте Канат Сагымбаевди колдогон тынч митинг өтөт

Бишкекте экс-президенттин жан сакчысын колдогон тынч митинг өтөт. Бул туурасында Facebook социалдык тармагындагы баракчасында анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.  

Иш чара ишемби күнү, 19-октябрда Горький паркында (Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилиши) саат 10:00дө башталат. 

«Жарандар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик күзөтүнүн мурунку жетекчисинин ишин адилет териштирүү талабы менен чыгышат», - дейт Жоошев.