05.04.2020 12:58

Бишкекте карантиндик аймак кеңейди (сүрөт)

Бишкекте карантиндик аймак кеңейди (сүрөт)

Карантиндик аймактар түштүк багыты боюнча Токомбаев/ Түштүк магистраль көчөлөрү, түндүк багыты боюнча Чоң Чүй каналыеа чейин, чыгыш багыты боюнча Чолпон-Ата, батыш багыты боюнча Баха көчөсүнө чейин кеңейтилди.

«Жаңы аймактар жарандардын өтүүсү жана унаалардын жүрүшү үчүн жабык болот. Ошондой эле, мурда жабылган аймактар дагы жабык болот. Анткени, көчөлөрдө дезинфекция иштери жүргүзүлөт», - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Бишкек шаарынын көчөлөрүн дезинфекциялоо иштери уланууда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандар кыймылына чектөөлөр киргизилүүдө.