11.02.2020 15:40

Бишкекте карышкыр мектептин босогосуна чейин аралап келген. Жырткыч колго түшүрүлдү

Бишкекте карышкыр мектептин босогосуна чейин аралап келген. Жырткыч колго түшүрүлдү

Бүгүн, 11-февралда борбор калаада карышкыр кармалды. Маалымат алгач Facebook чоциалдык баракчасында болду.

Маалыматка караганда, Республиканская 127 үйүнө жакын жерден карышкыр колго түшүрүлгөн. Автордун айтымында карышкыр шаар аралап жүргөн жана аны мектептин жанынан кармашкан. Көп өтпөй жапайы жандыкты экологдорго тапшырып беришкен.

“Милициянын “102” номуруна кабар саат 12:00дө келип түшкөн. Токтоосуз жерине патрулдук милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Алар шаар аралап кеткен карышкырды 40 мүнөттүн ичинде колго тшүрүшкөн”, - деп билдирет патрулдук милициянын басма сөз кызматы.

Жапайы жырткыч шаарга кантип келип калган, азырынча белгисиз. “Бугу-Эне” коомдук фондунун жетекчиси жана мал догдур Салтанат Сейитова карышкырды бирөөлөр үйүндө кармап, качырып ийишкен деп болжолдоду.

«Азыр мен ал карышкырды качан алып келишет, күтүп отурам. Бул жапайы карышкыр эмес. Анткени жапайы карышкыр шаарды аралап келиши мүмкүн эмес. Жана аны колго түшүрүү алда канча оор болмок», - дейт Салтанат Сейитова.