11.09.2019 09:29

Бишкекте кыздан ири суммадагы акча алып, качып кеткен шылуун кармалды

Бишкекте кыздан ири суммадагы акча алып, качып кеткен шылуун кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 23 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук ИИБине Х.М. аттуу кыз арыз менен кайрылган. 

«Арыз ээси 2017-жылдын декабрында А.Н. андан НОWO жүк ташуучу унаасын алып келип берем деп 24,5 миң доллар алганын көрсөткөн. Кийин чогуу бизнес баштоону сунуштап, дагы 55 миң доллар алган», — деп билдиришти милициядан. 

«Башка арызында жабырлануучу А.Н. 2019-жылы 16-апрелде андан 27 миң 604 доллар алып, изин суутуп кеткенин билдирген. Бул фактылар  бирдиктүү реестрге «Алдамчылык» беренеси менен катталды. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ага камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта. 

Бул адамдын кылмыштуу иштеринен жабыркаган адамдар болсо, же ал тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер бар болсо, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0550102558, 0702071265 жана 102.