07.08.2018 17:33

Бишкекте короодон скутер уурдап кеткен адамдар кармалды

Бишкекте короодон скутер уурдап кеткен адамдар кармалды

Бишкекте короодон скутер уурдап кеткен адамдар кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

31-июль күнү Биринчи май РИИБине жаран арыз менен кайрылып, 30 миң сомдук скутерин короосунан уурдатып жибергенин билдирген.

Бул факт боюнча 164-берене менен (уурулук) кылмыш иши козголуп, 2-август күнү 1993-жылкы К.И. жана 1985-жылкы И.М. аттуу жарандар кармалды. 

Айыпталуучулар эки айга убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүүдө.