15.10.2018 20:05

Бишкекте көчө шыпырып иштеген адамга эч себепсиз эле газ чачып кетишти

Бишкекте көчө шыпырып иштеген адамга эч себепсиз эле газ чачып кетишти

Бишкекте көчө шыпырып жүргөн кишиге карата жолдон өтүп бараткан чоочун адам көздөн жаш агызуучу газ чачып кетти. Бул окуянын тасмасы менен Фейсбук социалдык тармагында Азим Токтоналиев аттуу колдонуучу бөлүшкөн. 

«Бүгүн эртең мененки саат 8:15те көчө шыпыргыч Орозбеков 2 көчөсүн шыпырып, тазалап жүргөн. Кокустан эле жанынан өтүп бараткан киши анын бетине көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберди. Анан аялы менен баттан басып кете берди», -деп жазат колдонуучу.

Ошол жерде жайгашкан кеңселердин биринин видеобайкоосуна түшүп калган тасмада көчө жыйнап жүргөн адамдын эч кимге тийишпей эле, өз ишин кылып жатканын көрүүгө болот. Аялы менен кетип бараткан кишинин жөн өтпөй, кыянаттык кыла кетүүсүнө эмне себеп болгону белгисиз.