13.09.2018 19:43

Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа кагышты

Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа кагышты

Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Чолпон-Ата көчөсүнүн кесилишинде бүгүн саат 19:30 чамасында «Мерседес Спринтер» жана «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү эки унаа кагышты. Бул тууралуу April.kg. порталынын кабарчысы билдирди.

Соккудан маршрутка оодарылып кеткен. Жеринде ЖКККББ инспекторлору иштеп жатышат.