17.08.2018 10:36

Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү

Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү

Бишкек шаарынын 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 13 жүргүнчүсү бар микроавтобус менен ВАЗ 21-10 жеңил унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек  шаардык ИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-августта болжол менен саат 20.30дар чамасында болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасынан бир аял жабыркап, ооруканага жаткырылган. Калгандары жеңил жаракат алган.

Жол кырсыгына кабылган эки автомашина тең атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, топтолгон бардык материалдар тергөө бөлүмүнө жиберилип иликтөө иштери улантылууда.