Бишкекте мас айдоочу унаасын жолдун ортосуна токтоткон бойдон уктап калган

Бишкекте  мас айдоочу унаасын жолдун ортосуна токтоткон бойдон уктап калган

Бишкекте Чүй кең көчөсү менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде мас айдоочу унаасын жолдун так ортосуна токтоткон бойдон уктап калган. Окуянын тасмасын April.kg порталына шаар тургуну жөнөттү.

Анда S 93 53 AE номерлүү Mersedes үлгүсүндөгү унаа жолдун ортосунда токтоп турганын көрүүгө болот. Тасманын автору машинага жакын барып, эшигин ачканда рулда отурган адамдын кыйшайып уктап калганы көрүнөт.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын башынан тартып, мас абалында унаа айдагандарга17 миң 500 сом айып  салынат.