18.05.2018 13:20

Бишкекте мечиттеги өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан

Бишкекте мечиттеги өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан

Бишкекте 19-майга караган түнү Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

"Мечит күйүп жатканы тууралуу маалымат түн жарымында түштү. Окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү топ барды. Тилсиз жоону 02:41де толук өчүрүүгө мүмкүн болду", - деп жазылат маалыматта. 

Жыйынтыгында, чатырдын 1300 чарчы метр аянты, эмеректер, компьютер менен принтер күйүп кеткен.

Тилсиз жоо электр жабдыктарын иштетүүдө коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыкканы айтылат. 

Жабыркагандар жок.