03.09.2019 13:00

Бишкекте мыкаачылык менен адамдарды сабагандарга издөө салынды

Бишкекте мыкаачылык менен адамдарды сабагандарга издөө салынды

Бишкектеги Жал кичи районунда сабалган эки баланын абалы оор бойдон калууда. Баш сөөгү жанчылган жабырлануучулар жакшы эсине келе элек. Бирөөнө операция жасалаары күтүлүүдө.

Ал эми кылмышкерлер кармала элек. Алар 34 жаштагы Бапышов Жаныбек менен 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек экени аныкталган. Булар бир туугандар экени айтылууда. Ошондой эле кылмышкерлердин из жашырып кетүүсүнө салым кошкон деген жүйө менен милиция кызматкерлерине да кылмыш иши козголду.

Сүрөттөгү адамдарды көрүп-билгендер болсо, 102 номуруна чалыңыздар.