11.09.2019 11:29

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча жарандардын жамааттык кайрылуусуна жооп берди

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча жарандардын жамааттык кайрылуусуна жооп берди

Башкы прокуратура 1700 кишинин УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев жана президент Сооронбай Жээнбековго кылмыш ишин козгоону суранган кайрылуусуна жооп берди.

Мекеменин маалыматына караганда, көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилиги каралбайт. Кылмыш иш ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен анын жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулуна козголгон.

"Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча ишти иликтеп жатышат. ИИМ жана УКМК жооптуу адамдарынын иш-аракети тууралуу жамааттык кайрылуу ачылган кылмыш ишинин алкагында карап чыгуу үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Юридикалык бааны алар берет", - дешти көзөмөл органдан.

Жарандардын 7-8-августтагы окуяларда жаракат алышы боюнча маалыматты ИИМдин тергөө кызматы текшерүүдө.