22.10.2018 17:31

Бишкекте милиция кызматкерин тепкен кыз 4 жылга кесилди

Бишкекте милиция кызматкерин тепкен кыз 4 жылга кесилди

Бишкекте мас абалында милиция кызматкерин тээп жиберген кыз 4 жылга шарттуу кесилди. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынган, деп жазат kabar.kg

Маалыматка караганда, окуя мындан 7 ай мурун, тактап айтканда, 20-мартта болгон. Кара-Балта шаарынын тургуну Н.Эсенбаева Бишкек шаарынын «Улан-2» кичирайонунда дос кыздары менен ичип  отуруп, бейтааныш киши менен чатакташа кеткен.

Жыйынтыгында ал кыз турак жайлардын биринин алдыңкы кабатынын терезесин сындырган. Жерине келген милиция кызматкери ызы-чуу салган кызды сүрөткө тартып баштаганда, Эсенбаева аны  тээп жиберген жана телефонун сындырган.

Эсенбаева өз күнөөсүн моюнуна алган жана өкүнгөндүгүн билдирген.