22.04.2020 09:46

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп, 15 күнгө камалган кыз чыкты

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп, 15 күнгө камалган кыз чыкты

Калаада бир апта мурун милиционерлерди сөгүп, бейбаштыкка шектелип СИЗО-1ге киргизилген кыз үй камагына чыкты. Баш коргоо чарасын Бишкектин Октябрь райондук соту караган.  Анда мурунку чечимди өзгөртүү  чечими чыгарылган. Бул тууралуу Бишкектин комендатурасынан билдиришти. Эми ал кыз өндүрүш иштеринин алкагында үй камагында болот.

Эске салсак, 23 жаштагы кыздын баш коргоо чарасы 14-апрелде каралып, 15 күнгө СИЗО-1 мекемесине камакка алынган. Социалдык тармактарда анын милиция кызматкерлерине баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жаткан тасмасы тараган.

Тартип коргоочулар 11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Орто-Сай базарынын жанынан  бет капсыз көчөдө жүргөн кызды кармашкан. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөнү үчүн Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.