21.02.2020 15:00

УКМКнын алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чыгышты

УКМКнын алдында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушту.

«Апреля»  телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов маалымдагандай, тарапташтар мурунку мамлекет башчыны үй камагына чыгаруу талабын коюшууда.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдиришкен. Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып тураарын билдирген.

Күн мурун Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын баамында экс-президенттин ден соолугу боюнча көйгөйлөр жөн жеринен чыкпай эле.

«Апреля» телеканалынын кабарчылары УКМКнын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары келгенин билдиришти. Алар Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча так маалымат алып чыгууга кирип кетишти. Учурда ал жерде Асель Кодуранова, Анвар Артыков жана Рыскелди Момбеков жүрүшөт.  Саат 15:00дө ведомствонун ичине КСДП партиясынын 6 мүчөсү кирип чыгышат.