14.04.2020 12:14

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн кыз камакка алынды

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн кыз камакка алынды

Калаада милиция кызматкерлерине баш бербей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн кыз 15 күн камакта болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тартип коргоочулар 11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Орто-Сай базарынын жанынан бет капсыз көчөдө жүргөн кызды кармашкан.

“Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө ал оозго алгыз сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн. Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта кыздын милиция кызматкерлери менен урушуп жатканы тууралуу видео тараган эле.