24.09.2019 11:09

Бишкекте милиция кызматкерлеринен турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлеринен турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте 4 милиция кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 16-сентябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.С. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Октябрь РИИБдин милиционерлери ага карата кылмыш ишин жабуу үчүн 5 миң доллар талап кылып жатышкандыгын билдирген.

Арыз пара талап кылуу беренеси менен бирдиктүү реестрге катталган. 

«23-сентябрь күнү кечинде Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери, милициянын ага лейтенанттары К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалышты. Өздүк кароо учурунда бирөөсүнөн 1000 АКШ доллары табылды. Андан  сырткары, Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты П.А. кармалды. Анын иш бөлмөсүн тинтүүдө арыз ээсине карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылып алынган», -деп айтылат маалыматта.

Суракка алуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзүүдөн кийин төрт милициянын кызматкери Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган милиция кызматкерлеринин үстүнөн буга чейин да арыз түшкөн. Анда Бишкек шаарынын Г.В. аттуу жашоочусу анын маселесин оң жакка чечип берүү үчүн 5 миң сом талап кылып жатышкандын айтып арызданган. Бул факт боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин көп ай жүргүзгөн ыкчам иштеринин жыйынтыгында Октябрь РИИБдин кылмыштуу тобун кармашты. Азыркы учурда Октябрь РИИБдин милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКтын тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат», -дешет ИИМден.