11.06.2018 15:00

Бишкекте официант кыз кесиптешине кол көтөрдү

Бишкекте официант кыз кесиптешине кол көтөрдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан «Бета Сторес 1» гипермаркетиндеги кафеде официант кыз кесиптеш кызына кол көтөрдү. Бул туурасында окуяга күбө болгон Фейсбук тармагынын колдонуучусу өз баракчасына жазып чыкты.

Бул окуя боюнча April.kg кабарчылары күбө менен байланышып, окуянын чоо-жайын укту.

«Кишинин көптүгүнөн бизди  ал жайда администратор  болуп иштеген  кыз тейлеп аткан.  Баарын алып келип берген. Анан ары жактан башка официант кыз чыга калып, берки кызды сабап баштады, буту менен бетке, ичке тепти. Күбөлөр ажыратышты. Мен ага арыз жазууну сунуштап, телефон номеримди калтырып кете бердим.  Бир сааттан кийин чалып, аны жумуштан бошотуп салганын айтты», - дейт күбө.

Күбө өзү милиция чакырып, ал жерде иштегендер менен бирге окуяны териштирип баштаган. Анда жумушка кечигип келгени үчүн администратордон сөз уккан официантканын жинденип, кызга кол көтөргөнү белгилүү болгон.   

Учурда жабырланган кыз күбөлөр менен бирге Биринчи май райондук ИИБге барып, кол көтөргөн кыздын үстүнө арыз жазды.