20.04.2020 11:36

Бишкекте окуучу өз жанын кыйды. 7-кабаттан секирип кеткен

Бишкекте окуучу өз жанын кыйды. 7-кабаттан секирип кеткен

Каргаша 19-апрелде кечки саат 17:00 чамасында катталган. 14 жаштагы өспүрүм кыз Матросов көчөсүндө жайгашкан көп кабат үйдүн 7-кабатынан жерге боюн таштаган. Маалыматты Бишкек шаардык ишки иштер башкармалыгынан тастыкташты.

“7-кабаттан боюн таштаган кыз 2006-жылы туулган М.Э. аттуу окуучу болгон. Ал “Тез жардам” кызматы келгиче окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды”, – деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда өмүрүнө кол салаар алдында жакындарына СМС билдирүү жазган.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуя боюнча териштирүү уланууда.