18.01.2019 14:02

Бишкекте окуучу кызды унаа коюп кетти

Бишкекте окуучу кызды унаа коюп кетти

Бишкекте жөө адамдар үчүн өтмөктөн окуучу кызды унаа сүзүп кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИБ ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-январда болжол менен 7:30да Койбагаров менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу 8-класстын окуучусун коюп кеткен.

Кыз баш мээси чайкалып жана башка жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. 33 жаштагы унаа айдоочусунун спирт ичимдигинколдонбогону аныкталды.

Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү жүрүүдө.