17.06.2019 10:42

Бишкекте райондук акимиаттын кызматкерлери ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдон алып турушкан

Бишкекте райондук акимиаттын кызматкерлери  ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдон алып турушкан

Бишкекте Октябрь районунун экономика жана финансы бөлүмүнүн соода-сатык секторунун башчысы пара менен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

6-июнда Каржы полициясына жеке ишкер кайрылган. Ал Бишкек мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. 2019-жылдын мартынан тартып, алар арыздануучудан Бишкектеги соода комплекстеринин биринде бизнесин жүргүзүүсү үчүн ай сайын акча алып келишкен. 

Арыз «Пара талап кылуу» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталган. 10-июнда шектүү өз кабинетинде 14 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.  Аны Бишкек шаарынын 1-Тергөө изоляторуна киргизишти. 

Кызматтагы адамдар ай сайын  ишкерлерден 100 миң сомдон ашык жыйнап келгени такталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка кишилердин бул ишке катыштыгы бардыгы аныкталууда.