14.06.2018 10:06

Бишкекте Садырбаев көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Садырбаев көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкек шаарында Садырбаев көчөсүнүн тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, 16-июндан баштап, Садырбаев (Баха) көчөсүнүн өйдөңкү бөлүгү, Семетей көчөсүнөн Масалиевге чейинки тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат.

Тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жол жээктер (бордюр-ред.) коюлат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына чейин жүрөт.