29.04.2019 11:13

Бишкекте Шаар күнүнө карата өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

Бишкекте Шаар күнүнө карата өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

Бүгүн Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө карата калаа мэриясы бир катар иш-чараларды уюштурган. April.kg редакциясы сиздерге ал иш-чаралар каякта жана качан өтөрү тууралуу маалымдайт:

10:00-19:00- «Курманжан Датканын» эстелигинин жанында ХЭНД МЭЙД жарманкеси өтөт.

10:00 баштап Эмен багында шахмат боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты

11:00  «Жаштык» маданият үйүндө ( 3-микрорайон, 28/1) майрамдык концерт, бардык каалоочулар бара алышат.

14:00 «Тоголок Молдо» гүлзарында «Пишпек, Фрунзе, Бишкек» көргөзмөсү ачылат.

11:00  Жаштар аллеясында концерт,  кол өнөрчүлөр көргөзмөсү,  Ч. Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү,  «Пишпек-Фрунзе-Бишкек» көргөзмөсү,  спорттук ийрим катышуучуларынын өнөрлөрү тартууланат.

10:00 -14:00 Карагач токоюнда бардык шаар тургундары жана коноктору үчүн спорттук мелдештер жана  концерт уюшулат.

11:00-12:00 «Дордой Плаза» соода борборунун алдында  «Улуу көч» фольклордук ансамбли менен «Аура» тобунун концерти.

11:00 мамлекеттик циркте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз үй-бүлө балдары үчүн кайрымдуулук оюну көрсөтүлөт.

11:00-13:30 «Аламедин-1» кичирайонундагу  «Жасмин» кафесинин аянтында № 1, 38, жана  жеке менчик «Эколь» жана автордук мектептердин катышуусунда спорттук мелдештер болот.

15:00-17:00 Көлбаев көчөсүндөгү спорт аянтчасында балдар жана чоңдор арасында мелдеш уюшулат.

15:00-17:30 часов «Айчүрөк» соода борборунун алдында «Аура» жаз тобунун концерти. 

18:00 «Ала-Тоо» аянтында башкы майрамдык иш-чара өтөт. Коноктору: орус ырчысы Согдиана жана өзбек тобу - «Ялла», ошондой эле жергиликтүүлөрдөн:  «Элес» группасы, Кайрат Примбердиев, Салтанат Ашырова, Ислам Акматов, Гульнур Сатылганова, Мирбек Атабеков. Майрамдын аягында 6 мүнөттүк салют атылат.