14.06.2019 09:54

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталды

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталды

Бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Иш-чара «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот.

Жыйынды чагылдырууга  500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланган. Алардын 443 -  чет элдиктер. ШКУ саммитинде 20га жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө. Саммиттин соңунда Кыргызстан ШКУ төрагалыгын Россия Федерациясына өткөрүп берет.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Бул күндөрү ШКУнун Саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш чаралар да өтөт – 12-июнда Бишкек шаарына Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визит менен келди. 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити болду. 14-июнда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот.