03.05.2019 14:46

Бишкекте Социалдык фонд кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Бишкекте Социалдык фонд кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Бишкекте Социалдык фонд кызматкери 12 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөгө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган. Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган.

Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган. Жыйынтыгында, кечээ, 2-майда 12 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалды. 

Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Кармалган адам КР УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.