17.07.2018 17:42

Бишкекте Термечиков көчөсү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Термечиков көчөсү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Термечиков көчөсү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Бир нече айдан бери көчөнүн Гагаринден Лев Толстойго чейинки бир жарым чакырымдан ашуун аралыгында жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлуп, жол белгилери салынган.

Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүргөн.