06.04.2020 13:21

Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып кетти

Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып кетти

Тез жардам унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы Бишкектин Жал кичи районунда катталган. Маалыматтарга караганда, окуя Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилгени айтылат. Ал эми чакырууга бараткан тез жардамдын ордуна башкасы кеткен.