05.12.2018 09:08

Бишкекте троллейбус менен жеңил унаа кагышып, унаа ээси каза тапты

Бишкекте троллейбус менен жеңил унаа кагышып,  унаа ээси  каза тапты

Бишкекте Юнусалиев (мурунку К.Маркс) жана Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жеңил унааны сүзүп алды. Бул тууралуу April.kg порталына кырсыкка күбө болгон шаар тургуну билдирди. 

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 7:00 чамасында болгон. Жеңил унаа эреже бузуп, туура эмес жерден бурулган.

Маалыматка караганда, жеңил унаа айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан, №17 троллейбустун айдоочусу жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.