14.11.2018 16:38

Бишкекте троллейбустардын эл ташуу убактысы узартылды

Бишкекте троллейбустардын эл ташуу  убактысы узартылды

Бишкекте троллейбустардын иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, суук түшкөнүнө байланыштуу тургундардын ыңгайлуулугу үчүн троллейбустарды  22:00гө дейре иштетүү чечими кабыл алынды. 

Мэрия берген акыркы маалымат боюнча шаар көчөлөрүндө 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 миң 806 кичи автобустар жүрүп жатат. 

Шаар тургундарында коомдук унаалардын иши боюнча суроо жаралса, төмөнкү номерлер боюнча кайрылса болот: 

- 0555330031 – WhatsApp номери аркылуу троллейбустардын иши боюнча;

- 0312  53 36 48 –маршруттук таксилердин иши боюнча;

- 0312 53 48 24, 53 18 17 – автобустардын иши боюнча.