21.02.2019 16:10

Бишкекте түрк мектептин директору 9 жаштагы окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн

Бишкекте түрк мектептин директору 9 жаштагы окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн

Эл өкүлү Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда өзүнө кайрылган ата-эненин сөзүнө таянып, Бишкекте түрк мектептин директору 9 жаштагы окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты, деп жазат VB.KG.  

«Мага «Манас» университетинин аймагында уруксат берүүчү документтери жок курулган түрк мектебинин окуучуларынын ата-энелери кайрылды. 20 жылдан бери мектеп лицензиясы жок иштеп жатыптыр, анын директору Амир Айдындын айтымында ким-бирөө «крышасы» экен. Ата-энелер Билим берүү министрлигине кайрылса, андагы аткаминерлер бул мектеп тууралуу кабары жок экенин айтышыптыр», -деген депутат.

Анын айтымында, мектеп жетекчиси Айдын мугалимдер менен ата-энелерди басмырлап мамиле кылат. Алар Түркия жарандары болгондуктан, элчиликке кайрылып, арыздангандан коркушкан. 

«Мектепке баруудан корккон балдардын бирин такып сурашса, ал психологдорго директор Амир Айдын окуучуларды өз кабинетине алып кирип, өзүнүн жана алардын ич кийимдерин чечкенин, жаратылышка алып чыгып, асылган учурлар болгонун айтып бериптир. Бул маалыматты ачыктаганы үчүн директор 9 жаштагы баланы мектептен кууп салган экен. Баланын апасы Ленин райондук ИИБ кызматкерлери менен мектепке келгенде, аларды киргизбей коюшкан. Мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашканын, ал жакта биздин да балдар окуй турганын айтып жатышып, акыры киришиптир», -дейт Карамушкина.

Маалыматка караганда, ал окуу жайда 200дөн ашык кыргыз балдар окуйт - негизинен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары. Депутат ошондой эле, ата-энелер УКМКга кайрылып, учурда ал жакта иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. 

«Баланын апасына басым көрсөтүп жатышыптыр. Ага мектеп өкүлдөрү келип, акча жана баласын кайра мектепке киргизүүнү сунуштап жатышкан экен. Ата-энелер комиссия түзүп, мектептин ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну сунушташууда», -деди Ирина Карамушкина.