03.07.2018 13:02
Бишкекте төрөт үйү кабыл албай койгон аял короодо төрөгөнгө аргасыз болду
Бүгүн калаадагы 2-төрөт үйүндө кош бойлуу аялды дарыгерлер кабыл албай коюп, ал короодо төрөгөнгө аргасыз болгон. Бул туурасындагы маалыматты Инстаграмдагы omks_video жамаатынын баракчасына окуяга күбө болгон жаран жөнөткөн.
Күбөнүн айтымында, окуя бүгүн саат 11:15тер чамасында болгон. Дарыгерлер толгоосу башталган аялды төрөт үйүнүн кабылдамасына дагы киргизбей койгондору айтылат. Мындан улам, аял баласын асфальттын үстүнө төрөгөнгө аргасыз болгон.
«Бул тасманы жарыялап койсоңуздар, министрлик көрсүн. Бул Москва жана Жаш Гвардия бульварында жайгашкан 2-төрөт үйүндө болгон окуя», -деп жазат колдонуучу.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: