09.08.2018 09:33

Бишкекте Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатында өрт чыкты

Бишкекте Москва-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатында өрт чыкты

Бишкекте эт комбинатында өрт чыкты. Учурда жеринде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты. 

2018-жылдын 9-август күнү Бишкек шаарынын  Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  эт комбинатында чыккан. Өрттү өчүрүүгө биринчи 2 бригада саат 04:53тө жиберилген. Кийинчерээк дагы кошумча күчтөр тартылган.

Учурда жеринде жалпысынан 5 бөлүм иштөөдө. Ошондой эле ИИМ кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылды.