28.05.2018 14:01

Бишкекте жаран ала качып бараткан кызын бычактап өлтүрдү

Бишкекте жаран ала качып бараткан кызын бычактап өлтүрдү

Бишкекте Талас облусунун тургуну ала качып бараткан кызын бычактап өлтүрдү. Бул туурасында Чүй облустук ИИББ билдирди.

Окуя кечээ, 27-майда болжол менен саат 22:00дө болуп өткөн. Маалыматка караганда, милицияга 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча билдирүү келип түшөт.  Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин тартип сакчылары тарабынан шектүү Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа токтотулат.  Унааны кызды уурдап бараткан 29 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Машинанын ичинде кыз менен бирге, дагы бир 30 жаштагы киши болгон.

Кармалгандар  Жайыл РИИБине жеткирилип, кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Документтерди толтуруу маалында кылмышка шектүү кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти ичинен бекитип алган. Бөлмөдөн ызы-чуу чыкканынан эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канга чыланып жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да кошо бычак сайган.

Каза тапкан кыз Жалал-Абад облусунун тургуну экени айтылат. Ал эми, аны уурдап качып, аягында бычак  сайган жаран Талас облусунан. Учурда ал ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

Ал эми унаадагы үчүнчү жүргүнчү Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча иш козголуп, тергөө амалдары башталды.