14.05.2019 10:26

Бишкекте жети жаштагы бала атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү

Бишкекте жети  жаштагы бала атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү

Бишкекте 7 жаштагы бала атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул туурасында Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-май күнү №3 ооруканага токмок жеген бала түшүп, дарыгерлер бул тууралуу милицияга кабарлашкан.

«Ооруканага келген милиция кызматкерлерине баланын апасы уулун күйөөсү сабаганын айткан. Баланын баш мээси чайкалган болушу мүмкүн, ошондой эле колу сынган. Бала ал күнү кошунасынын үйүндө ойноп жатып, уктап калган. Кечке издеген ата-энеси аны кечинде табышкан. Ачууланган атасы тарбиялоо максатында уулун сабап койгон», -деп билдиришет укук коргоо  органдары.

Бул боюнча баланын апасы арыз жазып, факт «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен берене оор беренеге алмашылышы мүмкүн. Тергөө жүрүүдө.