02.11.2019 09:30

Бишкекте жумушчуну экскаватор басып калып, каза тапты

Бишкекте жумушчуну экскаватор басып калып, каза тапты

Бишкекте жылуулук тармагындагы оңдоп-түзөө иштеринде кырсык орун алып, бир жумушчу каза тапты. Маалыматты «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тастыктады.

Кырсык 31-октябрда Лев Толстой көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрүн оңдоо учурунда болгон. Анда экскаватор аңга түшүп, жумушчуну басып калган. Каза болгон жумушчу «Кайнар» компаниясынын Д.А. аттуу кызматкери болгон. Компания каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөрүн билдирген.

Учурда бул факт укук коргоо кызматкерлери тарабынан тергөөгө алынды.