08.08.2018 18:00
Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси 28-августка чейин жабылды

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн тилкеси жабылат. Бул туурасында шаар мэриясынан билдиришти.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүн, 8-августтан баштап, аталган көчөнүн Чүйдөн Киевге чейинки бөлүгүндө ремонт иштери башталат. Тилкедеги жол төшөмү жаңыртылып, жаңы бордюрлар коюлат. Оңдоо иштерин 28-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
Эскерте кетсек, быйыл Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолунан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырымды түзгөн бөлүгү оңдоодон өтөт.

Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: