10.09.2019 09:08

Бишкекте үйлөрдү тоноп жүргөн жаш жигит кармалды

Бишкекте үйлөрдү тоноп жүргөн жаш жигит кармалды

Бишкекте үйгө уурулукка кирип, алтын жана ноутбук алып чыгып кеткен деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 30-августунда Ленин РИИБине Ак-Ордо жаңы конушунун С.Э. аттуу тургуну кайрылган. Анда 30-августта саат 13:30дан 19:30га чейинки аралыкта терезе аркылуу үйдүн ичине кирип «Аcer» ноутбугун жана алтын жасалгаларды алып чыгып кеткен жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кошумча тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүнүн мындан башка дагы уурулук боюнча 10 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда кармалган жарандын дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги иликтенип жатат», - деп билдирет маалымат кызматынан.