08.05.2019 12:10

Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүн дронго тартууга тыюу салынды

Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүн дронго тартууга тыюу салынды

Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүн дронго тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мекеме журналисттерге тартуу иштеринде дронду колдонууга тыюу салынаары тууралуу эскертүү жөнөткөн. 

«Дрон учурууга болбойт, атып түшүрүлөт», — дешет маалымат кызматтан. Ошондой эле, кабарчыларга президент келген маалда сүрөткө, тасмага тартууга болбой турганын, өлкө башчы жүрүштөн кеткенден кийин гана тартуу иштерин жүргүзүүгө уруксаат экенин маалымдашты.

Эскерте кетсек, эртең, 9-майда саат 9:00дө Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышуучулар чогулушат.  Саат 10:00дө жүрүш башталат. Алар Абдырахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына болжол менен саат 12:00дө келишет.