13.11.2019 10:23

Бишкекте өтчү футболдук беттешке карата айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет

Бишкекте өтчү футболдук беттешке карата айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет

Эртең, 14-ноябрда футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргызстандын курама командасы Япониянын футболчулары менен беттешет. Бул күнү Бишкектеги айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Маалыматка караганда, саат 14:00дөн баштап Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынын Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки көчөлөрдө кыймыл чектелет.

Оюн саат 17:15те башталат. Көрүүчүлөр стадионго 15:15тен баштап киргизиле баштайт.

Эске салсак, 14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Япония жана Тажикстандан келген футболчулар менен беттешет.