04.10.2018 09:00

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган окуучуну жол тескөөчүлөрү токтотуп калышты

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган окуучуну жол тескөөчүлөрү токтотуп калышты

Бишкекте 9-класстын окуучусу өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Көпүрөдөн секирүүгө даярданып жаткан кызды жол тескөөчүлөр байкап, сактап калышты. Бул туурасында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ, 3-октябрь күнү кечки саат 18.45 чамасында болгон. ЖКККБ инспекторлору, сержант Кожокматов Төлөн менен старшина Эшбергенов Байыш Лев Толстой көчөсүндө нөөмөт өтөп жатып, кыздын көпүрөдөн секирүүгө камданып жатканын көрүп калышкан.  

«Алар көпүрөгө чуркап келгенде, кыз темиринде карманып турган экен. Инспекторлор токтотуп калууга үлгүрүштү. Ал жактан өтүп бараткан адамдар жардамга келишип, кызды куткарып калышты», -деп айтылат маалыматта.

Кыз ыйлап, суроолорго жооп бербей койгон. 102 кызматына чалган инспекторлор Октябрь райондук ИИБ кызматкерлерин чакырып, окуучуну өткөрүп беришкен. 

Кийин кыз шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуй турганы аныкталган. Мындай кадамга үй-бүлөлүк себептерден улам барганы айтылат.