14.06.2018 10:31

Бишкекте өзүн «салыкчы» деп тааныштырган жаран соодагерден акча алып, из жашырган

Бишкекте өзүн «салыкчы»  деп тааныштырган жаран соодагерден акча алып, из жашырган

Бишкекте «салык инспекциясынын кызматкери» соодагерден 5 миң сом өлчөмүндө салык алып, изин жашырган. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

Жабырлануучунун арызында, өзүн салык инспекциясынын кызматкери катары тааныштырган 20-25 жаштагы белгисиз адам алдоо жолу менен 5000 сом тегерегинде акча алып, качып кеткен. Аталган факт Ленин райондук ИИБсында катталып, 166-берене (Алдамчылык) жана 350-берене (Мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, бланктарды жана документтерди жасалмалоо, даярдоо жана сатуу) менен кылмыш иши козголду. 

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда, Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы, кылмышка шектүү деп 1996-жылы туулган А.У  кармашкан. 

Учурда милиция кызматкерлери кармалган баланын  мындай мүнөздөгү башка кылмыштарга тиешеси бары-жогун текшерип жатышат. 

КР Кылмыш-Жаза кодексинин 94-беренесинин негизинде, колго түшүрүлгөн шектүү, Бишкек шаарынын, Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында отурат. 
Тергөө иштери уланууда.