Бишкектеги №1 Калкты тейлөө борборунда бүгүнтөн тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү жанданат
Бишкектеги №1 Калкты тейлөө борбору бланктар жок деген жүйөө менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербей жатат. Бул туурасында шаар тургуну билдирди. Айтымында, мындай көрүнүш 2 жумадан бери уланууда.
«Эки жумадан бери күбөлүк ала албай жүрөбүз. Call---борборго кайрылсак, бланктар августта гана даяр болот дешти. 2012-жылдагы көрүнүш кайра кайталанууда. Анда да жасалма түрдө таңсыктык жаратып, анан ката күбөлүктөрдү берип коюшту эле», -деди нааразы тургун.
Бул маселе боюнча April.kg Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда, бланктардын таңсыктыгы көйгөйү жок экенин билдиришти.
«Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары бар. Бизде баары атайын эсеп менен жүргөндүктөн,№1 Калкты тейлөө борборуна бланктарды жеткирүү иши кармалып калган. Бүгүнтөн тартып, күбөлүктөр өз учурунда берилип баштайт», -деди Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: